Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкекгаз" кызматынын белгилешкендей, төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
- 21-августтан 23-августка 7-Апрель көчөсү, Куйручук көчөсү, Молдокулов көчөсү, Ахунбаев көчөсү.
- 20-августтан 22-августка чейин Широкая көчөсү, Новая көчөсү.
"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.