Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Электр энергиясына болгон жүктөмдүн өсүшүнө байланыштуу Бишкектин айланасына 500 кВ көмөк чордон куруу зарылчылыгы жаралды. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов “Кабар“ агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясына болгон жүктөм жыл сайын эмес, ай сайын өсүп жатат. Ошондуктан жаңы генерациялык объекттерди куруу менен катар электр тармактарын да күчтөндүрүү зарыл.
“Жаңы генерацияларды куруш керек. Анан ошого жараша электр тармактарын да күчтөндүрүп, жаңы чубалгыларды, ири көмөк чордондорду куруу зарыл. Мына ушул эле Бишкектин тегерегине 500 кВ көмөк чордон куруу зарылчылыгы келип чыккан”, - деди Исмаилов.
Ал учурда өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү экенин белгиледи. Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүү төмөндөп, анын тартыштыгын жабуу үчүн электр энергиясы импорттолуп жатканын айтты.
Исмаиловдун пикиринде, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Алардын арасында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маанилүү экенин белгиледи.
Ошол эле учурда өлкөдө электр энергиясын альтернативдүү булактардан өндүрүү боюнча долбоорлор да ишке ашырылып жатканына токтолду. Атап айтканда, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча иштер жүрүп, Ысык-Көл облусунда жана Чүй облусунун Кемин районунда күн станциялары ишке киргизилген.
Мындан тышкары, электр энергиясына болгон жүктөмдү азайтуу үчүн электр энергиясын колдонуу маданиятын жогорулатуу зарылдыгын айтып өттү. Исмаилов жарандарды электр энергиясын кереги жок учурда өчүрүп, жүктөм жогору болгон мезгилде үнөмдүү пайдаланууга чакырды.