Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. “Борбордун 9-кичирайонунда заманбап CITY базарын долбоорлоо жана куруу” МЖӨ долбоору боюнча жеке өнөктөш тандоого тендер жарыяланды.
Тендерди Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте жарыялаган.
Демилге Байтик-Батыр көчөсүндөгү №6а жана №4а имараттарынын ортосунда дүң жана чекене соода үчүн заманбап шаардык инфраструктураны түзүүгө багытталган. Планда жашоочуларды сапаттуу кызматтар жана продукциялар менен камсыз кылган, экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, тургундардын эс алуусу үчүн коомдук жайлар менен камсыз кыла турган жогорку технологиялуу мини-маркет куруу каралган.
Квалификацияларды берүү өтүнүчү МЖӨ борборунун www.ppp.gov.kg сайтында «Тендерлер» бөлүмүндө жеткиликтүү.
Квалификациялык турга документтер 2025-жылдын 23-октябры саат 18:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы, Шабдан Баатыр пр., 2 (Депо-2) дареги боюнча же почта аркылуу курьердик кызмат аркылуу кабыл алынат.
Долбоор боюнча суроолор боюнча муниципалдык ишкананын 0557 40 88 08 телефону же МЖӨ борборунун 30 01 76 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.