Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүү планында социалдык объекттердин жетишсиздиги эске алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагын комплекстүү шаар курууга багыттап талдоо жүргүзүү максатында, Шаар куруу илимий-изилдөө институтунун адистери тарабынан баштапкы маалыматтарды жыйноо иштери жүрүп жатат.
Институттун экономика бөлүмүнүн өкүлдөрү борбор калаанын аймагын кеңири изилдеп, социалдык инфраструктура тармагындагы көйгөйлөрдү аныктоого багытталган иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтардын жана адистештирилген мекемелердин катышуусунда бир нече жолугушуулар өткөрүлдү.
Бишкек мэриясында өткөн жыйында шаарды өнүктүрүүнүн келечектеги экономикалык багыттары, шаар түзүүчү базаны жандандыруу, инвестициялык долбоорлорду туура жайгаштыруу жана калктын санын болжолдоо маселелери талкууланды.
Адистердин айтымында, калктын активдүү өсүшүнө байланыштуу билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу социалдык кызматтар жетишсиз бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Бишкек шаарынын Башкы планы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Пландын алкагында төмөнкүдөй объекттердин нормативдик керектүүлүгү аныкталмакчы:
- бала бакчалар;
- мектептер;
- оорукана жана бейтапканалар;
- тез жардам станциялары;
- спорт комплекстери;
- маданий жана коомдук объекттер.
Бул чаралар Бишкекти элге ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу өнүккөн шаарга айландыруу максатын көздөйт.