Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Бишкекте күн ачылып, ысык аба ырайы башталды, мындай ысык иш жумасынын аягына чейин созулат. Бирок ишембиде аба ырайы салкындап, нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыңкы аптадагы аба ырайы:
Дүйшөмбү, 2-июнь - ала булут каптап турат.
Абанын температурасы: күндүз +27°C, түнкүсүн +13°C.
Шейшемби, 3-июнь – ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз +28°C, түнкүсүн +16°C.
Шаршемби, 4-июнь - күн ачык болуп, күндүз +31°C, түнкүсүн +17°C.
Бейшемби, 5-июнь — ала булут каптап, күндүз +32°C, түнкүсүн +19°C.
Жума, 6-июнь - булут каптап турат, кыска мөөнөттүү жаан жаап, күндүз +33°C, түнкүсүн +20°C.
Ишемби, 7-июнь - жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз +25°C, түнкүсүн +19°C
Жекшемби, 8-июнь - ала булут каптап, жаан жаайт.
Күндүз +27°C, түнкүсүн +19°C.