Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда 10-13-сентябрь күндөрү Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча комплекстүү мелдештер болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкек жана Ош шаарларынан, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген жалпы 6 команда катышкан. Жалпысынан 24 бала жана 24 кыз күч сынашты.
Бишкек шаарындагы спорттун стол үстүндѳгү түрлөрү боюнча ОРАӨБМ спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук оюндарды өнүктүрүүгө чоң салым кошушту:
- Тогуз коргоол (балдар жана кыздар командасы) – 1-орун;
- Ордо – 2-орун.