Бишкектик бүтүрүүчүлөр Санкт-Петербургдагы "Алые паруса" майрамына катышты

Коом 303 02 Июль 2026 11:12
736959713_1015217047972744_1587500270037772600_n.jpg
736413159_1793242202084219_543365071372994485_n.jpg
735786520_2524621507978581_7969710014694440710_n.jpg
735483077_2240631186673559_4778746441133259090_n.jpg
736896740_1336814924621206_3368221722706896712_n.jpg
733194779_3654468058038257_4856217004874638102_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. 25–30-июнь күндөрү борбор калаадагы мектептердин 18 окуучусу Санкт-Петербург шаарына барып, бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулган "Алые паруса" салтанатына катышты.

Мэриядан билдиришкендей, 27-июнда Санкт-Петербургдун борбордук аянтында өткөн аталган салтанатка болжол менен 70 миң бүтүрүүчү катышты.

Окуучулар андан сырткары, Санкт-Петербург шаарындагы Эрмитаж музейине, Мамлекеттик Орус музейине, Ленрезерв музейдик-тарыхый комплексине, ошондой эле Петергоф сарай-парк ансамблине экскурсия жасашты.

Иш-чара Россия тараптын чакыруусу жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.