Бишкектик 700 окуучу "Алтын балалык" лагеринде эс алууда

Коом Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 16:30
740052885_2173200553251376_1115370549620681860_n.jpg
739200106_883204151001879_2843046572226642333_n.jpg
739332337_1693478955249360_8049608158468536946_n.jpg
739893204_1760548118710404_1312294168054782536_n.jpg
740507782_1006828508939920_4053953641577615626_n.jpg
740521735_1377771144260097_3535950278715123799_n.jpg
740754079_1973932073257215_1250421605145283543_n.jpg
740779485_2456952248048452_3621001671560610645_n.jpg
741131294_4356175991363364_332430240385462786_n.jpg
741285081_1343952327159906_5182638939289935057_n.jpg
741648881_2026513464623286_101706067739241510_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Борбор калаадагы муниципалдык мектептердин 700 окуучусу жайкы эс алуусун "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо лагеринде көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, балдардын коопсуздугу үчүн окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша отряддарга бөлүнүп, аларга тажрыйбалуу тарбиячылар жана медициналык кызматкерлер бекитилген.

Лагердин программасы спорттук мелдештерге, интеллектуалдык таймаштарга, концерттерге жана мастер-класстарга бай.

"Лагерде коопсуздукка жана укуктук тарбияга өзгөчө басым жасалууда. Балдарга жеткиликтүү оюн форматында жол кыймылынын эрежелери жана өрт коопсуздугу, мектептеги буллингдин (кордоонун) жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жеке коопсуздук жана сергек жашоо образы үйрөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, лагерде мамлекеттик органдардын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, окуучулардын лидерлик сапаттарын жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.