Бишкекти жашылдандыруу үчүн 18 суу кудугу казылат

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 16:00
731479668_3892507664225737_2828873619349082920_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Борбор калаадагы абанын сапатын жакшыртуу жана жашыл аянттарды сактап калуу максатында 18 жаңы суу кудугу казылат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек башкы архитектурасы тарабынан алардын долбоордук документтери толугу менен даярдалды.

"Бул иштер "Жашыл алкак" долбоорунун алкагында ушул 2026-жылдан баштап ишке ашырыла баштады. Даярдалган документтер кудуктарды кайсы жерлерге орнотуу жана курулушту баштоо үчүн негизги жолдомо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы кудуктар жашыл аймактарды, бак-дарактарды сугарууга гана жумшалат. Бул шаардагы жалпы таза суу тутумуна күч келтирбей, жайдын аптабында да бактарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого шарт түзөт.