Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бишкекти аптаптуу ысык каптады. Бүгүн, 18-июнда абанын температурасы: +38, коомдук транспортто: +45ке чейин жетти.
Шаар тургундары ысыктан качып, дарактардын, имараттардын көлөкөсүнө, фонтандардын жанына баш калкалоодо. Көптөр өтө зарыл болбосо, имараттан чыкпоого аракет кылууда.
Ысыктан куткаруучулардын бири "Тазалык" муниципалдык ишканасынын сугаруучу унаалары болду. Көпчүлүктүн айтымында, атайын техника жолдорго гана суу чачпастан, өтүп бара жаткан жарандарга жана унааларга суу чачып сергитүүдө. Бул көптөгөн адамдар үчүн жагымдуу белек болуп, балдар күлүп, карылар ыраазычылыгын билдиришти.
Коомдук транспорт чыныгы "мончого" айланууда: кондиционер жок жана ачык терезелердин жардамы жетишсиз болууда. Жүргүнчүлөр баш оору, алсыздык жана абанын жетишсиздигине даттанышууда. Кээ бирлери тыныгуу үчүн бара турган жерине жетпей транспорттон түшүп калууга аргасыз болушууда.
Дарыгерлер шаардыктарды күндүн ысыгында (саат 12: 00дөн 17:00гө чейин) сыртка чыкпоого, көбүрөөк суу ичүүгө, жеңил кийим жана баш кийим кийүүгө чакырат.
Карыларга, балдарга жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккендерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат.
Белгилей кетчү нерсе, Бишкекте аномалдуу ысык синоптиктердин болжолунда, аптанын аягына чейин созулат.
Материалды Акмарал Абдалиева даярдады