Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкектен Самарканд жана Үргөнч шаарларына жаңы эл аралык авиакаттамдарды ачууну караштырууда. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул багыттарды ачуу маселеси авиакомпаниянын жетекчилиги менен Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин делегациясынын жумушчу жолугушуусунда талкууланды.
Авиакомпаниянын маалыматына караганда, келечектүү багыттардын катарына төмөнкү каттамдар кирет:
- Бишкек — Самарканд — Бишкек;
- Бишкек — Үргөнч — Бишкек.
Эске салсак, 2026-жылдын 23-августунан тарта “Аэро Номад Эйрлайнс” Бишкек – Ташкент – Бишкек багыты боюнча туруктуу эл аралык авиакаттамды ишке киргизет. Учактар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү каттап, Кыргызстан менен Өзбекстандын борбор калааларынын ортосунда түз аба байланышын камсыздайт.