Бишкектеги жолдордун курулушун өз убагында сапаттуу бүткөрүү тапшырылды

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 01.07.25 /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштерин жүргүзгөн подряддык уюмдардын жетекчилери жана Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда шаардагы жолдорду, тротуарларды жана объекттерди жакшыртуу, оңдоо иштеринин сапатын камсыздоо жана мөөнөтүн сактоо, эмгек маданияты жана объекттердеги жумушчулардын жүрүм-туруму боюнча негизги маселелер талкууланды.

Эмгек тартибин сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Подряддык уюмдардын жана муниципалдык ишкананын өкүлдөрү иш процесстерин үзгүлтүксүз уюштурууга, жумушчулардын сырткы көрүнүшүнө жана коомчулуктун көз алдында турган курулуш аянттарындагы тартипке көбүрөөк көңүл бурууга милдеттендирилди.

Техникалык көзөмөлдөө өкүлдөрүнө объекттерде күн сайын көзөмөлдү күчөтүү, ал эми подряддык уюмдарга контракттын алкагында алган милдеттенмелерди жоопкерчиликтүү аткарууну, курулуш нормаларын сактоону жана сын-пикирлерди өз убагында жоюуну камсыздоо тапшырылды.

Күн тартибинде коррупцияга каршы күрөшүү темасы дагы каралды. Иш-чаранын бардык этаптарынын ачык-айкындыгы, документтерди түзүүдөн баштап, объектилерди кабыл алууга чейин-жарандардын жана контролдоо органдарынын ишениминин негизи болуп саналат. Андыктан, формалдуу мамилелерди, жашырылган макулдашууларды жана долбоорлоо чечимдеринен негизсиз четтөөлөрдү жоюунун зарылдыгы баса белгиленди.

Ошону менен бирге жолугушууга катышкандарга акыркы эки жылда Бишкек шаарынын көчөлөрүн, тротуарларын, квартал ичиндеги өтмөктөрдү көрктөндүрүү үчүн 2,8 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү маалымдалды.

"Учурдагы талдоо көрсөткөндөй, оңдоо иштерин жүргүзүүдө иштин көлөмүн жогорулатуу, топуракты натыйжасыз алып келүү жана асфальт төшөө иштеринде кемчиликтер бар, мындай көрүнүштөрдү туруктуу негизде УКМК ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерет",-деп айтылат маалыматта.