Бишкектеги жол оңдоо. Реконструкция иштери кайсы этапта?

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 4.07.25 /Кабар/. Коомдун жашоосунда унаа жолдордун мааниси абдан чоң. Ошондой эле жол инфраструктурасынын сапаты - өлкөдөгү урбанизациянын деңгээлинин бир көрсөткүчү, ал эми анын натыйжалуулугу - социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Өлкөнүн бардык тармактарында жүрүп жаткан өнүктүрүү иштерин утурлай, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө да оңдоп-түзөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Муну менен катар, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн жаңы көчөлөр ачылып, айрымдары пайдаланууга берүү алдында турат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүү департаментинин маалыматы боюнча быйылкы жылы борбор калаанын 8 көчөсү (15 чакырым) капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүп, 4 жаңы унаа жолдору (12 чакырым) жаңыдан жасалып, 3 көпүрө курулат деп белгиленген.

Жогоруда аталган оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Бул иштерге байланыштуу коомдук транспорттун айрым маршруттары өзгөртүлүп, жанаша жайгашкан көчөлөр аркылуу жүрүүдө. Натыйжада, айрым жолдордо кыймыл татаалдашып, шаар тургундары үчүн белгилүү деңгээлде ыңгайсыздыктар жаралды. Ошондой эле, убактылуу жабылган көчөлөрдө унаа тыгындардын саны артты.

Учурда жол оңдоо жана куруу иштери кайсы этабына жетип калды деген суроо менен “Кабар” агенттиги Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүү департаментинин башкы адиси Улан Алыраевге кайрылды.

Башкы адистин айтымында оңдоп-түзөө иштери алгач Жибек Жолу проспектиси, Медеров көчөсү жана Жаш Гвардия бульварында башталган. “Медеров көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки 2 чакырым 800 метр аралыгы бүгүн ачылды. Ошондой эле Жибек Жолу проспектисиндеги жана Жаш Гвардия бульварындагы жумуштардын 95% бүткөрүлдү. Эки-үч күндүн ичинде бул жолдор толук ачылганы турат. Мындан сырткары Лев Толстой, Московский жана Курманжан Датка көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Шабдан Баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы толугу менен бүттү. Лермонтов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки 1,5 чакырым жол аягына чыгарылды. Курулуш сезону апрель айынан октябрь айына чейин болгондуктан, 8 көчөнүн 80%ын 31-августка чейин оңдоп жетишүүгө аракет жасайбыз”-деди ал.

Ал ошондой эле, транспорт линиясы аркылуу оңдолуп жаткан жолдорду подрядчы “Технотоп” жана “ДорСтрой групп” ЖЧКлары иштеп жатканын кошумчалады.

“Негизи биз көчөлөрдү жасап жаткан учурда шаардык акимиат, ЖКККББ сыяктуу шаардык кызматтар менен графикти бекитип, макулдашып алабыз. Иштерди графиктен алдын ала бүтүрүп жатабыз. Азырынча кечигип жаткан учурлар катталган жок. Баары өз убагында жүрүп жатат.

Ал эми жаңы 4 көчөнү куруу иштери былтыр башталган. Атап айтканда мурда унаа каттамы жүрбөгөн жаңы көчөлөр ачылып жатат. Азыркы учурда Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Жаңы салынган жол 1,4 чакырым аралыкты түзүп, туурасы 9 метрге жетет. Унаа жолунун эки тарабына ирригациялык тутум орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган. Лев Толстой жана Горький көчөсү менен кесилишине жол чырактар орнотулду, бардык жол белгилери чийилди жана орнотулду. Ал эми Бакаев көчөсүнө 31-августка чейин темир жол өтмөгү курулат. Муну менен анын биринчи этабын бүтөт”, - деди Арылаев.

Ошондой эле департаменттин башкы адиси борбор калаанын түштүк зонасындагы жаңы жолдор тууралуу да айтып берди.

“Булар - Сухэ-Батор, Ахунбаев, Ауэзов жана Токтоналиев көчөлөрү. Учурда Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев проспектисинен Айтматов проспектисине чейинки 700 чакырым 300 метр аралыгында курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми калган үч көчө долбоорлоо этабында. Экспертизадан өткөрүлгөн соң курулуш иштери башталат”,-деди ал.