Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 13-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Биринчи май районунун тургундары менен жолукту.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушууга 300дөн ашык адам катышты.
Анда тургундар жол, коомдук транспорт, жер мунапысы, жер үстүндөгү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу жана башка көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Мэр административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын аймагы дээрлик үч эсеге кеңейгенин белгилеп, буга байланыштуу ичүүчү суу, канализация, жол инфраструктурасы жана электр менен камсыздоо тармактарында бир катар актуалдуу көйгөйлөр жаралганын айтты.
Ошондой эле ал учурда социалдык объектилерди куруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин, Араб фондунун колдоосу менен дагы 12 мектептин курулушу пландалууда. Мындан тышкары, дагы бир мектеп куруу каралып жатат. Жалпысынан 33 мектеп куруу мерчемделүүдө.
Айбек Жунушалиев жаңы конуштарда биринчи кезекте ичүүчү суу жана канализация системаларын курууга көңүл буруларын, андан кийин жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери башталарын билдирди.
Мындан тышкары, ашар жолу менен курулган инженердик объектилерди талапка ылайык келтирүү маселеси да караларын айтты.
Эске салсак, бүгүн, 14-майда мэрдин Биринчи май районунун тургундары менен кезектеги жолугушуусу Т. Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт.