Бишкектеги заманбап жер өтмөктүн курулушу кызуу жүрүүдө

Коом Загрузка... 13 Май 2025 14:20

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жер өтмөгүнүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

9-майда Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү 6-8 айга убактылуу жабылып, коомдук транспорттун маршруттары өзгөртүлдү.

Долбоордун алкагында аталган көчөлөрдүн кесилишине 2 кабаттуу жер өтмөгү курулат. Биринчи кабаты 220 унаага ылайыкталган 8600 чарчы метр унаа токтотуучу жай болот. Ал эми экинчи кабатына тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү сыяктуу коммерциялык аянтчалар жайгашат. Ошондой эле заманбап лифттер менен эскалаторлор орнотулуп, майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар түзүлөт.

Долбоордун максаты - борбордук көчөлөрдөгү тыгынды азайтуу жана инфраструктураны жакшыртуу. Ал "Ташболот Холдинг» компаниясы жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы тарабынан инвестициялардын негизинде каржыланат. Курулуштун бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Аталган объект 49 жылдык мөөнөткө ижарага өткөрүп берилет.