Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын укук коргоо органдарында жазуу (кагаз) түрүндөгү кылмыш иштери менен кошо “Электрондук иш” пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана прокуратура органдарынын кызматкерлери толугу менен окутулду.
“Электрондук иш” долбоорунун алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, 80 процессуалдык жана башка документтер система аркылуу генерацияланып, иштин материалдарына тиркелүүдө.
Алардын ичинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин козгоо, ишти жандандыруу, ишти кыскартуу (ырастоо менен), сурак жана беттештирүү протоколдор, шектүү жана айыпкерге карата документтер чыгарылган (кармоо, айыбын угузуу, баш коргоо чарасын тандоо, өзгөртүү ж.б.), экспертизаларды дайындоо протоколдору, прокурорлор тарабынан кылмыш иштери боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Ошону менен бирге кылмыш иштери боюнча электрондук тизмелер түзүлгөн.
Кошумчалай кетсек, бул иштер президенттин “2024-2028-жылдарга санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгынын талаптарын аткаруу жана укук коргоо органдарынын санариптештирүү багытын өнүктүрүү, кылмыш иштер жана тергөөгө чейинки материалдарды электрондук-санариптик формада жүзөгө ашыруу максатында аткарылууда.