Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынын кызматкерлери кыйналып жаткан наристени тез арада ооруканага жеткиришти.
Мекемеден билдиришкендей, баланын ата‑энеси наристенин абалы жакшы эместигин айтып кайрылышкан. Бирок көчөлөрдөгү тыгындардан улам убагында медициналык мекемеге жетүү мүмкүн эмес болгон.
Кызматкерлер тезинен жардам көрсөтүү чечимин кабыл алып, эне менен бала мамлекеттик кызматтык унаага салып, патруль бригадасы аларды тез арада жакынкы балдар ооруканасына жеткиришкен.
«Дарыгерлер балага биринчи медициналык жардам көрсөтүштү», — деп айтылат билдирүүдө.
Кайгуул кызматы жарандардан жарык жана үн сигналы бар унааларга жол берүүнү суранат.
Белгиленгендей, ошол учурда кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калуу толук ыктымал.