Бишкектеги төрт районго 20 коомдук даараткана куруу пландалууда

Коом 1 август 2025 17:44
1754036024.jpeg
1754035986.jpeg
1754036006.jpeg
Алдыга
Артка
1754036024.jpeg
1754035986.jpeg
1754036006.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын аягына чейин Бишкектеги төрт районго 20 коомдук даараткана куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун ар бирине бештен даараткана курулат. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 15 санитардык түйүндү орнотуу каралууда.

Эки жуманын ичинде А.Боталиев атындагы, Түлөбердиев атындагы парктардагы, Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле улуттук филармониянын жанындагы дааратканалар калыбына келтирилди.

Мэриядан белгилешкендей, бул иштер коомдук жайларда, парктарда, скверлерде, транспорттук түйүндөрдө жана эл көп чогулган жерлерде санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары, мэрия шаар тургундарына кайрылып, кайсы жерде санитардык жайлар эң зарыл экенин сурап, сунуштарды калтырууга чакырды.