Бишкектеги Түндүк айланма жолунун курулушу күнү-түнү жүрүп жатат

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 09:25
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бишкектеги Түндүк айланма жолунун курулушу белгиленген мөөнөттө аяктап, пайдаланууга берилүүсүн камсыздоо максатында эки нөөмөт менен жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол куруучулар күндүзү да, түнкүсүн да иш алып барып жатышат.

"Жаңы жол 4-6 тилкелүү болуп курулууда. Долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик курулуш иштеринин жүрүшү туруктуу көзөмөлдө экенин белгиледи.