Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Учурда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирип, электр энергиясын өндүргөн завод Бишкек шаарындагы таштанды калдыктарын кабыл алуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Мэрдин айтымында, келечекте анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү пландалууда.
“Бул план ишке ашкан күндөн баштап завод Чүй облусунан да катуу тиричилик калдыктарын кабыл ала алат”, - деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Таштандыларды утилдештирүү заводу биринчи этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштете алары маалымдалган.