Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда

Коом 26 Февраль 2025 15:40
481043761_1064303005745553_6547133639748350992_n.jpg
481240482_1064303092412211_969507920956976105_n.jpg
481205351_1064303075745546_2930139938202245684_n.jpg
481044110_1064303069078880_8703903919685522793_n.jpg
480938955_1064302995745554_200137078661637280_n.jpg
Алдыга
Артка
481043761_1064303005745553_6547133639748350992_n.jpg
481240482_1064303092412211_969507920956976105_n.jpg
481205351_1064303075745546_2930139938202245684_n.jpg
481044110_1064303069078880_8703903919685522793_n.jpg
480938955_1064302995745554_200137078661637280_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда.

Мэриядан билдиришкендей, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери Биринчи май райондук администрациясы, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Малдыбаев көчөсү 24В дарегинде жайгашкан «Тартуга» эс алуу жайына берилген муниципалдык жер тилкесинин иш жүзүндөгү чектерин аныктоо боюнча комиссиялык иш-чара уюштурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө жерди текшерүүдө муниципалдык аймакта тиешелүү уруксат документтери жок курулган турак эмес жайлар аныкталган.

Аталган эс алуу жайынын ээсине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча 100 000 сом административдик протокол түзүлдү.

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, менчик ээси өз ыктыяры менен үч объектти: эки капиталдык имаратты (турак эмес жайлар) жана бир жеңил объектти (дүкөн) демонтаждоо иштерин жүргүзгөн.

"Башкармалык мындан ары да муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, бардык жарандарды жерди пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.