Бишкектеги ШКУ саммити эл аралык мамилелерге жана глобалдык геосаясатка таасир этет — Кабар

Бишкектеги ШКУ саммити эл аралык мамилелерге жана глобалдык геосаясатка таасир этет

Пикир 1 сентябрь 2026 14:25
Бишкектеги ШКУ саммити эл аралык мамилелерге жана глобалдык геосаясатка таасир этет
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүп жаткан саммити тарыхый мааниге ээ болуп, анда кабыл алынган чечимдер келечекте эл аралык деңгээлдеги башка жолугушууларда жана конференцияларда кайрадан талкууланып, аларга негиз катары колдонулушу мүмкүн. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, тарыхта Ялта жана Тегеран саммиттери сыяктуу дүйнөлүк маанидеги маселелер чечилген жыйындар өзгөчө орунду ээлейт.

789507530_27959353113733968_1600840082365881325_n.jpg
"Бишкек саммитинин мааниси да ушунда. Бүгүнкү күндө дүйнөдө эки чоң багыт – Батыш жана Чыгыш вектор ачык көрүнүп турат. Бишкекте кабыл алынган чечимдер менен макулдашуулар келечекте эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этет деп ойлойм. Дүйнөлүк геосаясат Бишкек саммитинде аныкталган багыттардын негизинде өнүгүшү мүмкүн", – деди эксперт.

Бакетаев Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жаткан жылы уюмдун түзүлгөнүнө 25 жыл толуп жатканына да көңүл бурду. Анын пикиринде, бул жагдай Бишкек саммитине кошумча мааниге ээ болуп, аны мааракелик жыйын катары мүнөздөйт.

"Бүгүнкү дүйнөдө коопсуздук маселеси өзгөчө маанилүү болуп турат. Согуштук кагылышуулар күчөп, мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктар тереңдеп жаткан шартта ШКУ сыяктуу ири уюмдун саммити өзгөчө мааниге ээ. Менин оюмча, Бишкек саммити дүйнөдө болуп жаткан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө басым жасаган багытты бекемдеши керек", – деди саясат таануучу.

Эксперттин айтымында, саммиттин күн тартибинде коопсуздук менен катар экономикалык кызматташтык да маанилүү орунду ээлейт.

images
"Биринчиден, Бишкек саммити дүйнөдө болуп жаткан согуштарга байланыштуу өзүнүн позициясын билдирип, тынчтыкка багытталган мамилени бекемдеши мүмкүн. Экинчиден, дүйнөлүк экономикадагы протекционизмди азайтып, эркин соодага кеңири мүмкүнчүлүк берүү маселесине көңүл бурулушу керек. Протекционизмге каршы туруп, эркин соодага жана өз ара экономикалык кызматташтыкка жол ачуу зарыл. ШКУнун алкагында кабыл алынган чечимдер мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды дагы күчөтүүгө багытталышы керек", – деди саясат таануучу.

Анын белгилешинче, ШКУга учурда 10 мамлекет мүчө болуп саналат жана бул өлкөлөрдүн калкы жалпы дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын түзөт.

"Мындай чоң рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүгүртүүнү кеңейтүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чечимдер маанилүү", – деп кошумчалады Бакетаев.

Саясат таануучу ШКУнун Бишкектеги саммитинин алдында Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарына да токтолду.

31-августта Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүлдү.

"Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы түбөлүк достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багытталган келишимдерге жетишилди. Ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу, Сиань шаарындагы "Кыргызстандын транспорттук-логистикалык борбору" сыяктуу ири долбоорлор эки өлкөнүн экономикалык жана транспорттук байланыштарын кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт", – деди Бакетаев.

Анын пикиринде, Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары менен ШКУнун Бишкек саммитинин бир мезгилде өтүшү Кыргызстандын эл аралык аренадагы маанисин дагы бир жолу көрсөтүп турат.