Сөз эркиндиги калп жана жалаа үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт – саясат таануучу

Коом 10 сентябрь 2026 09:25
Сөз эркиндиги калп жана жалаа үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт – саясат таануучу
copyright icon WWW

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президент Садыр Жапаровдун жалган маалымат тараткандарга карата катуу чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу билдирүүсүнө "Кабар" агенттигине комментарий берип жатып, мамлекет башчысынын эскертүүсүнүн дипломатиялык формасын мүмкүн болуучу кесепеттердин жумшактыгы катары кабыл албоо керектигин белгиледи.

"Мен көп жылдар бою президенттин жанында иштеп, анын стилин жакшы билем. Ошондуктан социалдык тармактарда активдүү иштегендер эскертүүнүн дипломатиялык формасын кесепеттердин жумшактыгы катары кабыл албашы керек. Президент сабырдуу жана жумшак сүйлөшү мүмкүн. Бирок адам мыйзамдын чегинен атайылап өтсө, чечим таптакыр башкача болот.
Айрыкча бул фактыларды бурмалап, текшерилбеген маалыматтарды таратып, өз божомолдорун далилденген айыптоо катары көрсөткөндөргө тиешелүү. Эгер коррупция боюнча конкреттүү факт болсо, документтерди көрсөтүү керек. Мыйзам бузуу болсо, далили менен тиешелүү органдарга кайрылуу зарыл", – деди ал.

Саясат таануучу өлкөдө ири өзгөрүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, чыныгы көйгөйлөр болсо, аларды сынга алуу керектигин айтты. Бирок сын кемчиликтерди оңдоого багытталып, жаңы демилгелерди каралоо куралына айланбашы зарыл.

"Менин кеңешим жөнөкөй: конструктивдүү иш алып барып, фактыларды текшергиле. Анткени текшерүүдөн кийин сенсациялуу айыптоо анын авторунун гана оюнда болгондугу аныкталып калышы мүмкүн. Андай учурда адам өз сөздөрү үчүн катталуучуларга эмес, мыйзам боюнча суроо берүүгө укуктуу органдарга жооп берүүгө туура келет", – деди Бакетаев.

Ал президентке конструктивдүү сын керек экенин, анын мамлекет үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Ошол эле учурда сын менен негизсиз айыптоо бир эле нерсе эмес экенин баса белгиледи.

"Реформалар менен талашууга, башка чечим сунуштоого, каталарды көрсөтүүгө болот. Бирок масштабдуу өзгөрүүлөрдү катуу айтылган сөздөр менен гана токтотуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан менин кеңешим жөнөкөй: тоскоолдук кылбагыла – жардам бергиле, ойлоп чыгарбагыла – текшергиле, далилсиз айыптабагыла – фактылар менен сүйлөгүлө. Анткени жумшак эскертүү – бул жумшак жаза дегенди билдирбейт", – деди Бакыт Бакетаев.