Бишкектеги шамалдан бак кулап, электр чубалгылары жабыркады

Коом 31 июль 2025 09:52
WhatsApp_Image_7NzuTac.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_hJBlG9W.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_7NzuTac.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_hJBlG9W.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Кечээ кечинде болгон шамалдан Бишкектин Москва көчөсүндө бак кулап, электр чубалгылары жабыркаган.

Белгилей кетсек, шамалдын кесепеттери азырынча жоюла элек, кулаган дарак дагы эле ордунда жатат.

Эске салсак, кечээ, 30-июлда Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түнкүсүн күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин кабарлаган.