Бишкектеги сейил бактар жана скверлер өзгөчө көзөмөлгө алынды

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 13:25
1753190286_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында шаардагы жашыл аймактардын абалы өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаадагы сейил бактарды жана скверлерди көрктөндүрүү, санитардык бутоо жана тазалоо иштери күн сайын көзөмөлдөнөт.

Борбор калаанын башчысы ар бир жетекчиге көзөмөлдү күчөтүүнү, жеринде такай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.