Бишкектеги “Равза” кафесине 52 миң сом өлчөмүндө айып салынды

Коом 1 июль 2025 17:50
1751358603.jpeg
1751358598.jpeg
Алдыга
Артка
1751358603.jpeg
1751358598.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Ленин районунун аймагындагы көчмө жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө “Равза” кафесинде бир катар бузуулар, тактап айтканда, тамактануу жайынын көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы аныкталды. Ошондой эле саркынды суу системасында да кемчиликтер бар экени белгилүү болду.

Санитардык нормалардын сакталышы боюнча Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле кафенин алдындагы жерди пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар да аныкталгандыктан, демонтаждоо иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Буларды эске алуу менен жеке ишкерге Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, протоколдор түзүлдү. Жалпы суммасы 52 миң сом өлчөмүндө айып салынып, бузууларды жоюуга жана колдонуудагы мыйзамдарды сактоого милдеттендирилди.