Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Бишкектеги мыйзамсыз салынган футбол аянтчасы демонтаждалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Свердлов районунун соту тарабынан калыбына келтирүү жөнүндөгү чечимдин негизинде Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы райондук сот аткаруучу менен биргеликте А.Сыдыковго таандык аймакта демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Борбор калаанын Гоголь көчөсү, 187 дарегиндеги мыйзамсыз салынган футбол аянтчасы жана ага жанаша жайгашкан эки кабаттан турган эки административдик объект толугу менен демонтаждалып, аталган аймак баштапкы калыбына келтирилди.