Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 13 Март 2025 12:31
myjzamsyz-kurulush-1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө буга чейин архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын Репин көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектиси боюнча “Б.П.К.” компаниясына карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Андан ары мыйзамсыз тургузулган объектти бузуу жана лицензиялык-уруксат берүү системасынын алкагында чара көрүү жөнүндө доо арыз берүү тууралуу кызматтык каттар жөнөтүлгөндүгү аныкталган.

Бирок, курулуш тармагындагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз курулуш иштери тууралуу маалыматка ээ болгондугуна карабастан аны токтотуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй, ал эми доо коюу жана лицензияны чакыртып алуу жөнүндө кызматтык каттар көңүл сыртында калтырылган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.