Бишкектеги мектептерге окуучулардын коопсуздугу үчүн камералар орнотулууда

Коом Загрузка... 21 Июль 2025 18:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Окуучулардын коопсуздугу үчүн мектептерге камералар орнотулууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Виктория Мозгачева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурда видеосистемалары орнотулбаган мектептерге, кошумча мектеп имараттарына жана бала бакчаларга VPN камераларын орнотууга 24,6 млн сом өлчөмүндө каржылоо бөлүнгөн.

“Учурда билим берүү департаменти конкурс (тендер) жарыялады. Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаардагы бала бакчалар менен мектептердин ички көзөмөл камераларын жаңылоо жана жабдуу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 45 млн сом бөлүндү. Эми жакынкы убакытта административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын карамагына өткөн мектептерге жана кошумча корпусу курулуп жаткан мектептерге видеобайкоо системалары орнотулат”, - дейт мэрдин орун басары.

Ошондой эле ал коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык бюджеттен күзөт үчүн каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.