Бишкектеги мектеп окуучусунун өлүмүн иликтөөнү Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 15:40
622723.61d354503fef400a5907e3de036e4190.jpg
copyright icon Башкы прокуратуранын маалымат кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бишкектеги №72 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды.

Мекемеден билдиришкендей, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, күн мурун ЖКнын жыйынында 2025-жылдын 21-январында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 орто мектептин ажатканасында 2010-жылы туулган 8-класстын окуучусу Аннас Айтбаев жогорку класстын окуучулары тарабынан мектеп рэкетчилигине кабылып, сабалганы белгилүү болгон. Ал реанимацияга түшүп, 2025-жылдын 4-февралында медициналык мекемеде каза болгон.