Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкекте 21-октябрдан тартып жол оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө аталган көчөнүн № 4 шаардык ооруканадан Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Айдоочуларга жолго чыгардан мурун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү жолдорду тандоо сунушталат.