Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрынан тартып Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө кирет.
"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол жүрүү багыттарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап алууңуздарды өтүнөбүз",-деп айтылат маалыматта.
Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат.