Бишкектеги массалык уулануу: Жабыркагандардын саны 20га жетти

Ден соолук Загрузка... 12 Март 2026 09:50
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкекте массалык уулануудан жабыркагандардын саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Республикалык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, медициналык жардам сурап жалпысынан 20 адам кайрылып, алардын 19у ооруканага жаткырылды.

"Бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, бүгүн анын абалы жакшырып калды", - деп кошумчалады башкы дарыгер.

Эске салсак, буга чейин 13 адам жабыркап, 11и ооруканага жаткырылганы кабарланган. Бейтаптардын баары "Буффет" ашканасынан тамактанышкан. Учурда аталган тамактануучу жайга протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ашкананын иши убактылуу токтотулду.