Бишкекте 13 адам тамакка ууланып, 11и ооруканага түштү

Ден соолук Загрузка... 11 Март 2026 15:00
696972_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, медициналык жардам сурап 13 адам кайрылган. Алардын ичинен 11и ооруканага жаткырылып, калган эки бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Учурда бардык жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бейтаптардын бардыгы "Буффет" ашканасынан тамактанышканы аныкталган. Санитардык кызматтын адистери объектти пландан тышкары текшерүүгө алып, тамак-аштын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө өткөрүштү.

"Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, ашканага 23 миң сом айып пул салынды. Ашкананын иши үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан тарта убактылуу токтотулду. Учурда эпидемиологиялык иликтөө иштери улантылууда", — деп айтылат маалыматта.