Бишкектеги Куланак көчөсү курулуп бүтүп, ачылды

Коом 10 октябрь 2025 17:00
1760014288.jpeg
1760014292.jpeg
1760014279.jpeg
1760014275.jpeg
1760014271.jpeg
1760014268.jpeg
1760014314_large.jpeg
Алдыга
Артка
1760014288.jpeg
1760014292.jpeg
1760014279.jpeg
1760014275.jpeg
1760014271.jpeg
1760014268.jpeg
1760014314_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.10.2025. /Кабар/. Бишкектеги Куланак көчөсүндө курулуш иштери аяктап, расмий түрдө транспорт кыймылына ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 7-Апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин созулган жаңы жолдун узундугу 833 метр, туурасы 8 метрди түзөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолду асфальттоо, тротуарларды куруу, жолдун эки тарабына ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.

Куланак көчөсүнүн курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бул долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтууга  багытталган.