Бишкек шаарынын калкынын көбөйүшү менен коомдук транспортко болгон суроо-талап да өсүүдө. Шаар тургундары үчүн коомдук транспорт күнүмдүк жашоонун негизги бөлүгүнө айланып, анын жеткиликтүүлүгү жана үзгүлтүксүз иштеши шаар инфраструктурасынын сапатын аныктаган маанилүү факторлордун бири болуп калды. Акыркы жылдары Бишкек мэриясы тарабынан жаңы автобустарды сатып алуу, маршруттук каттамдарды жаңылоо жана техникалык тейлөөнү жакшыртуу багытында бир катар иштер жасалууда. Өзгөчө Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашып жаткан долбоорлордун негизинде электробустардын жана жаңы үлгүдөгү автобустардын келиши борбордогу транспорт көйгөйүн чечүүгө өбөлгө болууда. Коомдук транспорттун учурдагы абалы, келечектеги пландары жана мамлекеттик кызматкерлердин коомдук транспорт колдонуу демилгеси тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров “Кабар” маалымат агенттигине маалымат берди.

- Учурда шаар калкын канча коомдук транспорт тейлөөдө, борбор канчалык деңгээлде коомдук транспорт менен камсыздалган?
- Учурда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын карамагында 5 автопарк бар. Бул автопарктардан күнүнө 1150-1200 бирдик автобус чыгып, жалпысынан 64 каттамды тейлөөдө. Белгилүү болгондой, Азия өнүктүрүү банкы менен мэриянын ортосунда келишим түзүлүп, алардын колдоосу менен шаарга алынган 120 жаңы электробустун 45 электробусун каттамга чыгардык. Калган 75нин документтерин тариздөө иштери жүрүүдө. Кагаз иштери бүткөн соң, жакынкы арада бул 75 электробусту борборго каттамга чыгарабыз. Андан тышкары, 95 бирдик автобус боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында келишимге кол койгонбуз. Жаңы жылга чейин 12 метрлик 3 эшиктүү, төмөн полдуу автобустар келип, каттамга чыгарабыз.

- “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан автобустар сатылып алынып, каттамдар аткарылганы менен транспорт жетишсиздиги, аялдамалардагы элдин көптүгү, унаа тыгыны сыяктуу көйгөйлөр эмнеге чечилбей келет?
- Учурда Транспорт департаменти тарабынан берилген маршруттук чиймелерге ылайык, канча бирдик автобус коюлган болсо, ошонун баарын каттамга чыгарып жатабыз. Болгону 30 – 40 жылдан бери оңдолбогон шаардын жолдору оңдолуп, калаа жолдору жабылгандагына байланыштуу 30-40 мүнөткө чейин аралык узарып кетиши мүмкүн. Бирок, айдоочуларга интервалдан чыгып кетсеңер жетишип, үзгүлтүксүз каттамдарды аткаруу зарылдыгын айтуу менен көзөмөлгө алуудабыз. Буга чейин болгон троллейбустун 10 каттамынын ордун толугу менен автобустар менен жабабыз. Белгилей кетсек, сатып алынган автобустардын баары четинен каттамга чыгарылып иштеп жатат. Төмөндө айтылгандай, автобустарда техникалык мүчүлүштүктөр болсо, өзүбүздө толук техникалык тейлөө жүргүзүүчү жамаатыбыз бар.

- Шаардын транспорт тармагына күч келтирбөө максатында айрым депутаттар мамлекеттик кызматкерлер жумушка жеке унаа менен келбеши керектигин айтып келишкен. Ушул сунуш-пикирге кандай карайсыз, коомдук транспорттун мамлекеттик кызматкерлерди да тейлөөгө күчү жетеби?
- Коомдук транспорттун мамлекеттик кызматкерлерди да тейлөөгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Азыркы күндө Бишкек мэриясынын кызматкерлери калаа башчысынын тапшырмасы менен шейшемби, ишемби күндөрү өзүбүздүн жеке автоунааларды токтотуп коюп, коомдук транспорт менен жүрүп жатабыз. Андан тышкары, шаардын четки аймактарына 6-7 метрлик, төмөн полдуу автобустарды киргизүүнү пландап жатабыз. Кошумчалай кетсем, шаар тургундары шаардын кайсы районунда жашаса ошол жердеги мектепке баласын окутуп, бакчага баласын берсе жакшы болмок. Бизде болсо шаардын бир четинде жашап, экинчи четиндеги мектепке жеке унаасын айдап, жол тыгынында калышууда.