"Бишкек Аренанын" ачылышында 700 автобус элди акысыз ташыды

Коом 6 октябрь 2026 09:40
836940647_1444635590944519_3131293311652441705_n.jpg
834238356_1423330199180186_5505563849992008205_n.jpg
835011150_1081497914769973_4871864891576880071_n.jpg
837663333_2912497452448289_12118096209131145_n.jpg
836931453_1574219567202309_7509818779305011548_n.jpg
833654150_2580571915697967_7975946698199430521_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда "Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземине барган жарандар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акысыз коомдук транспорт уюштурулду.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар боюнча 700 автобус каттамга чыгарылды.

Жарандардын иш-чара өтүүчү жерге ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында автобустар шаардагы 10 жерден "Бишкек Арена" стадионуна чейин жана кайра баштапкы багыттары боюнча каттады.

Жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, автобустар толушуна жараша, 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турган.