Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында №227 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүү киргизилди.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин аталган каттам Тагай Бий көчөсү аркылуу жүрүп келген. Бирок бул көчө аркылуу башка дагы автобус каттамдары жүрүп жаткандыктан, ал эми ага катарлаш жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт каттамы жок болгондуктан, маршрутту өзгөртүү чечими кабыл алынган.
Жаңы схемага ылайык, мындан ары №227 автобус каттамы Каркыра көчөсү аркылуу жүрөт.