Бишкекте №57 жаңы автобус каттамы ишке кирди

Коом 9 октябрь 2026 14:15
1791524417_large.jpeg
1791524376.jpg
Алдыга
Артка
1791524417_large.jpeg
1791524376.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 9-октябрдан тарта №57 автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы каттам Тунгуч-2 кичи району (айланма) багыты боюнча уюштурулду.

Автобустар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. Каттамда «Yutong» үлгүсүндөгү 10 автобус кызмат көрсөтөт.

№57 автобус каттамынын ишке кириши Тунгуч-2 кичи районунун жана ага чектеш аймактардын тургундарын коомдук транспорт менен камсыздоону жакшыртууга, ошондой эле шаар ичинде жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

Автобустардын кыймылы бекитилген каттам схемасына ылайык уюштурулат.

Белгилей кетсек, автобустар каттамга чыгар алдында алардын техникалык абалы текшерилип, айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлөт.