Бишкекте №53 каттамды 12 жаңы автобус тейлей баштайт

Коом 8 октябрь 2026 10:05
1791429451_large.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 09.59.12.jpeg
Алдыга
Артка
1791429451_large.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 09.59.12.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкекте №53 автобус каттамына 12 жаңы Yutong автобусу чыгарылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрдан тарта автобустар “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.

“Айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындай каттамдар жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, шаардын райондорунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга жана жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга өбөлгө түзөт”, -деп айтылат маалыматта.