Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында коомдук транспорттун каттамдарын жакшыртуунун алкагында мурдагы №40 автобус каттамы эки өзүнчө — №40 жана №44 каттамдарына бөлүндү.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы уюштурулган №40 автобус каттамы жаңы ипподром — Чыңгыз Айтматов проспектиси багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.
"Каттамды экиге бөлүү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, автобустарды күтүү убактысын кыскартууга жана коомдук транспорттун жүрүү ылдамдыгын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле бул чаралар шаардагы жол тыгындарын азайтууга, автобус паркын натыйжалуу пайдаланууга жана тургундар үчүн транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.