Бишкектеги эски Батыш автобекетинин ордуна коомдук жай курулат

Коом 22 май 2026 17:30
Бишкектеги эски Батыш автобекетинин ордуна коомдук жай курулат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкектеги эски Батыш автобекетинин ордунда коомдук жай пайда болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы автобекеттин аймагында эски ретро унаалардын музейи, балдар үчүн эс алуу жайы курулат.

“Эски Батыш автобекетинин ордунда коомдук жай пайда болот. Эски моделдердеги унаалардын музейи, балдар үчүн эс алуу жайы курулат. Эски автобекеттин архитектуралык көрүнүшү да сакталып калат. Учурда курулуш иштеринин 30–40 пайызы аяктап калды. Мындай темп менен объекттерди инвесторлор эмки жылы ачышы мүмкүн”, — деди Айбек Жунушалиев.