Бишкекте эл аралык эки көргөзмө өтүүдө: 7 өлкөдөн катышуучулар чакырылган

Экономика 15 октябрь 2026 12:55
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын чет өлкөлүк рынокторго таанытууга жана инвестиция тартууга багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөгө Россия, Түркия, Пакистан, Өзбекстан жана Казакстан баштаган жети өлкөнүн компаниялары катышууда. Алар өз продукцияларын көрсөтүп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.

Иш-чарада ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тамак-аштан тартып өнөр жай товарларына чейинки продукциялары да сунушталууда. Мындан тышкары, көргөзмөгө чет өлкөлүк инвесторлор чакырылып, мамлекеттик органдар жана инвестиция тартуу боюнча тиешелүү мекемелер да катышууда.

Авазбек Керимбаев белгилегендей, көргөзмөнүн негизги максаты — кыргызстандык ишкерлердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү продукцияны эл аралык рынокторго чыгаруу жана жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзүү.