Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады

Экономика Загрузка... 14 Август 2025 15:14
backgroundImage_623.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.25 /Кабар/. Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, азык-түлүк товарларынын бааларын жума сайын салыштырылып, мониторинг жүргүзүлүп турат.

Гипермаркеттердеги баалардын мониторингинин жыйынтыгы боюнча, 14-августуна карата социалдык маанилүү азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.

Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр (сом жана пайыздык көрсөткүч менен):

  • сабиз — 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом);
  • пияз — 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом);
  • картөшкө — 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом);
  • капуста — 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом).

Жашылча бааларынын төмөндөшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу. Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз улантылат.