Бишкектеги Боталиев атындагы сейил бак жарыктандырылды

Коом 18 июль 2025 14:24
1752816370.jpeg
1752816360.jpeg
1752816365.jpeg
1752816376.jpeg
1752816389.jpeg
Алдыга
Артка
1752816370.jpeg
1752816360.jpeg
1752816365.jpeg
1752816376.jpeg
1752816389.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Бишкектеги А.Боталиев атындагы сейил багында жарыктандыруу тармагын толук модернизациялоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, паркка 130 даана энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулду. Ошондой эле жарык берүүчү мамылар оңдолуп, сырдалган, кабелдик чубалгылар толугу менен жаңыланган.

Бул иштер кечки жана түнкү коопсуздукту күчөтүп, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түздү.