Бишкектеги Бердибаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Коом 27 июль 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 13.12.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Бишкектин Бердибаев көчөсүнүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки 370 метрлик бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жолго жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарлар курулду.

Ошондой эле жаан-чачын жана кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга багытталган заманбап ирригациялык тармак орнотулду.