Бишкектеги "Баластан" бала бакчасынын жаңыртылган имараты ачылды

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги "Баластан" бала бакчасынын жаңыртылган имараты ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкташкан, жылма керебеттер менен 280 бала тарбияланат. Жалпы аянты 1363 чарчы метр, ал эми аймагы 0,4 гектарды түзөт. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө имараттар толугу менен жаңыланып, мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Балдар бакчада медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, чарбалык бөлмөлөр, актовый зал, оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр каралган. Айланасы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды жана ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары уюштурулду.

Төмөнкү иштерди «Бийик КЖ» жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды.

Белгилей кетсек, имарат 1982-жылы курулган жана совет мезгилинде дыйканчылык институтунун лабораториясы катары колдонулган. Институт жоюлгандан кийин, объект узак убакыт бою кароосуз калган. 2024-жылдын 1-ноябрында имарат расмий түрдө №60 «Баластан» бала бакчасы болуп бекитилип, толук оңдоодон өткөн.