Бишкектеги аялдамалардын алды иреттелүүдө

Коом Загрузка... 04 Март 2025 15:30
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкектеги аялдамалардын алды иреттелүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында кайгуул кызматкерлери жол эрежелерин бузган автобустарга тийиштүү протоколдорду толтуруу менен бирге, аларга жүргүнчүлөдү салуу жана түшүрүү үчүн шарттарды түзүп, аялдамаларды тазалап беришүүдө.

Белгилей кетсек, бул рейддик иш-чаранын алкагында кайгуул кызматкерлери Бишкек мэриясы менен биргеликте иш алып барууда.

Эске салсак, жыл башынан тартып, Бишкек шаарынын аймагында коомдук транспорттордун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталып, 50 жаран түрдүү жаракаттарды алып, 1 жаран көз жумган. Мындай жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлөт.