Бишкектеги Алтын Ордо конушу жарыктандырылды

Коом 04 Август 2026 13:20
1785821248.jpeg
1785821276 (1).jpeg
1785821284.jpeg
Алдыга
Артка
1785821248.jpeg
1785821276 (1).jpeg
1785821284.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкектеги Алтын Ордо конушунда тогуз көчөгө тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарыктандыруу Аян, Сары-Өзөн, Керемет, Нурислам, Нурзаман, Ак-Шоола, Сулайман-Тоо, Ак-Нур жана Баян көчөлөрүнө орнотулду.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында СИП 4×16 үлгүсүндөгү өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды колдонуу менен 5 000 метр электр менен камсыздоо линиясы тартылып, ошондой эле кубаттуулугу 50 Вт болгон 109 заманбап диод чырактары орнотулду.