Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Айкөл Манастын жаңы айкели ачылды

Коом Загрузка... 02 Август 2025 22:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Айкөл Манастын айкели ачылды. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башкалар катышты.

Анда Эдил Байсалов мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен борбор калаанын чок ортосунда элдин акылмандыгынын, биримдик жана жаратмандык идеалынын символу болгон Манас бабанын жаңы эстелиги ачылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул жөн гана архитектуралык чыгарма эмес. Бул — улуттук аң-сезимдин, тарыхый эс-тутумдун, эркиндикке болгон туруктуу умтулуунун жана биримдиктеги күчтүн жаркын жышааны.

"Манас – бул биздин өткөнүбүздүн да, келечегибиздин да аты. Ал — улуттук духтун түбөлүк тиреги, кыргыз болуунун маңызы.

Манас – бул тарых эмес, азыркы учур. Манас – бул былтыр эмес, бүгүн. Манас – бул ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаган улуу сапаттардын – кайрат менен кыраакылыктын, кечиримдүүлүк менен адилеттиктин, айкөлдүк менен эркиндиктин жандуу образы", - деди ал.

Ошондой эле Эдил Байсалов белгилегендей, мамлекет учурда улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, адамдык капиталды өнүктүрүү, коомдук биримдикти сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн шарт түзүү саясатын жүргүзүүдө.

"Биз бул жолдо Манастын улуу осуятына таянабыз. Анткени ал осуят бүгүн да актуалдуу: бөлүнүү эмес — биригүү, кек эмес — кечирим, кылмыш эмес — адеп, бийлик эмес — кызмат!

Айкөл Манастын образы – бул мамлекетибиздин көп этностуу эли үчүн да үлгү. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз жараны жөнүндө программасы — дал ушул Манастын курама журтун чогулткан идеясынын бүгүнкү уландысы. Бишкек — бул көп тилдүү, көп маданияттуу борбор, жана Манастын эстелиги этностор аралык ынтымактын да тиреги болуп калат деп ишенем.

Биз жаштарга, келечек муундарга — руханий бекемдикти, айкөлдүктү, мамлекетке болгон күйүмдүүлүктү үйрөтүшүбүз керек. Бул — улутту сактап, мамлекетти өнүктүрө гүлдөтө турган жалгыз жол", - деди Байсалов.

Мындан тышкары, ал айкелди орнотууну колдогон мамлекет башчыга, Бишкек мэриясына, Маданият министрлигине, бардык мекемелерге, чыгармачыл жана курулуш жамааттарга терең ыраазычылык билдирди. Айрыкча айкелдин автору скульптор Тамила Маматованын жана монументти тургузууга салым кошкон ар бир мекендештин эмгегин айтып өттү.